Бишкекте жол кире канчага кымбаттайт? Депутаттардын сунушу

Токтом долбоорунда акысыз жүрүүгө сунушталып жаткан жарандардын категориялары да көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши өзүнүн сайтына коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүү боюнча токтом долбоорун жарыялады.
Анда депутаттар төмөнкүдөй бааларды сунуштап жатат:
троллейбустар жана автобустар — 15 сом;
маршруткалар саат 6:00дөн баштап 20:30га чейин — 21 сом, саат 20:30да баштап 06:00гө чейин — 32 сом;
№233, 234 экспресс-маршруткалары — 22 сом, ал эми №123, 226, 252 экспресс-маршруткалары — 32 сом;
автобустарда жана троллейбустарда салмагы 40 килограммдан ашкан же 50x60x100 сантиметр өлчөмүндөгү бир даана жүктү ташуу үчүн — 10 сом;
мектеп окуучулары үчүн транспорт картасы (электрондук билет) бир айга — 320 сом.
Шаардык каттоосу бар жарандардын төмөнкү категориялары үчүн акысыз жүрүү укугун берүү сунушталууда:
пенсионерлер;
мүмкүнчүлүгү чектелген I, II, III топтогу майыптар;
бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
жети жашка чейинки балдар;
"Кыргыз почтасы" ААКсынын почтальондоруна өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда.
Коомдук транспорт менен акысыз каттоо үчүн ээсинин сүрөтү жана аты-жөнү көрсөтүлгөн транспорттук карта болушу керек.
Нарын шаарында коомдук транспорттогу жол кире көтөрүлөт