Баткенде 120 жашка караган чоң эне небересин үйлөнттү. Видео

Айымча эненин 6 баласы, 30 небереси бар.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жакында эле интернетке дүйнөдөгү эң улгайган аял Францияда 118 жашында көз жумду деген маалымат чыккан.
Бирок Кыргызстанда паспорттогу жашы боюнча андан дагы улуу аял жашаары белгилүү болду. Кадамжай районунун тургуну Айымча Мурахмедова май айында 120 жашка толот.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы анын уулу Валидин менен байланышты.
Баласынын айтымында, Айымча апа үч уул, үч кыздын энеси. Жаш кезинде колхоздо иштеген.
"Апамын 30 небереси бар. Жакында эле небересин үйлөнткөн. Эң улуу агам 82 жашта", — деди уулу.
Японияда дүйнөдөгү эң узак жашаган байбиче көз жумду