Радио

Салиева: улуттук олимпиадага билими күчтүү окуучулардын баары катыша алат

Химия илимдеринин кандидаты, доцент Калипа Салиева улуттук олимпиаданын суроолору эл аралык олимпиаданын программасы менен даярдаларын айтты.
Sputnik
Улуттук олимпиаданын өзгөчөлүгү — катышууну каалаган окуучулардын санына чек коюлбайт. Бул тууралуу Калипа Салиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган мелдеште билими күчтүүлөрдүн баарына мүмкүнчүлүк берилмекчи.
"Улуттук олимпиада — окуучулар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Анткени суроолор эл аралык олимпиаданын программасынын негизинде түзүлөт. Бул окуучулардын деңгээлин өстүрүүгө зор салым кошот. Олимпиадага даярданып жатып, алар мектептин программасынан жогорку баскычка көтөрүлөт. Мисалы, мектепте химиянын органикалык жана органикалык эмес эки гана түрү окутулса, химия предметинен олимпиадага катышкан окуучу биохимия, биоинженерия, жашоодогу химия сыяктуу илимдерге терең сүңгүп кирет. Аталган олимпиадада мектеп программасынан да, стандарттык эмес да тапшырмалар берилмекчи", — деди мугалим.
Ал өлкөдө химия предмети боюнча эксперименталдык иштерге, тажрыйба жүргүзүүгө жана анализдөөгө лабораториялар менен жабдыктар жетишсиз экенин кошумчалады.