Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинага америкалык танкалар жөнөтүлсө эмне болот. Элчинин эскертүүсү

Элчи РФ аскерлери басымдуулук кылган сайын америкалыктар Украинага жардам берүүнүн деңгээлин улам көтөрүп турушканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Эгерде АКШ танкаларды Украинага жиберсе, россиялык аскерлер ал техникаларды жок кылат. Мындай эскертүүнү РФтин Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов айтканын РИА Новости жазды.

"M1 Abrams Киевге бериле турган болсо НАТОнун башка бардык үлгүдөгү техникалары жок кылынган сыңары, америкалык танкалар да жок кылынат", — деп белгилеген дипломат.

Антонов Штаттар мындай кадамды "коргонуу үчүн куралдануу" боюнча аргументтер" менен актай албастыгын билдирди.
"Бул Россияга карата жасалган кыжырды кайнаткан кезектеги чагымчылык болуп калат. Бул чатакта ким чындап агрессор экендиги эч ким үчүн иллюзия болбошу керек". (Вашингтон. — ред.) Американын жардамын Крымга кол салууга пайдаланууга жол ачып берип жатат. Донбасстагы, Запорожье, Херсон облустарындагы элге карата жасалган радикалдардын кылмышын жаап-жашырып келишет", — деген дипломат.
Элчи Россиянын аскерлери кармашта жеңген сайын америкалыктар Украинага жардам берүүнүн деңгээлин улам көтөрүп турушканын белгилеген.
Шольц Leopard 2А6 танкаларын Украинага жиберүү чечимин кабыл алды