ӨКМ: Майлы-Суу шаарынын тургундарына таза суу штаттык режимде бериле баштады

Шаарда катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, таза суу, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Майлы-Суу шаарынын тургундарына бүгүн, 25-январдан тарта, таза суу кадимки режимде бериле баштагандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеме маалымдагандай, 15 чакырым аралыкта суу түтүкчөлөрүн ӨКМдин өздүк курамынын жана "Шаар суу канал" ишканасынын кызматкерлери эритип, элге ичүүчү сууну жеткиришкен.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында катуу сууктан улам 12-январда суу кампасындагы түтүктөр тоңуп, андан соң отканаларга суу толук келбей жылуулук берүү да үзгүлтүккө учураган. Мындан улам калаага өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Майлы-Суудагы тоңгон суу түтүктөр жаңысына алмаштырылат