Өзбекстанда 17 миңден ашуун аткаминерди кызматтан алууга жарлык чыкты

Кыскартылгандан кийин министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлеринин саны 56 миң 573 адамды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 17 миң аткаминерди кызматтан бошотуу боюнча жарлык чыгарганын Sputnik Өзбекстан жазды.
Басылма административдик реформанын кезектеги этабын ишке ашыруу максатында "Аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлык чыкканын билдирген.
Ага ылайык, аткаруу бийлигинин көз карандысыз органдарынын саны 61ден 28ге, министрликтердин саны 25тен 21ге кыскарат.
Ошондой эле министрликтер менен ведомстволор 17 миң 447 жетекчи жана өндүрүштүк персоналды кыскарта турганы белгилүү болду. Бул жалпы сандын 24 пайызын түзөт. Анын ичинде министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын саны 207ден 144кө (30 пайызга) кыскарат.
Буга байланыштуу 703 унаа жана 10 имарат бошотулат. Жогоруда аталган иш-чаралардын натыйжасында республика штаттык бирдиктерди кыскартуудан 1,5 триллион сум жана транспорттун санын кыскартуудан 70 миллиард сум үнөмдөөрү маалымдалган.
Мирзиёевдин жарлыгына ылайык, министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлеринин жалпы саны 56 миң 573 адам болушу керек.
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 26-27-январда келет