Кыргызстанда автоунааны алгачкы каттоо жыйымы кымбаттады

Экономика министрлиги жыйымдын көтөрүлүшү Кыргызстанда автозаводдун алдыдагы ачылышына байланыштуу эместигин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. 1-январдан тарта автоунаалар үчүн алгачкы каттоо жыйымынын өлчөмү жогорулатылды. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Тиешелүү суроого "Унаа" ишканасынын өкүлү жыйым 15-20 пайызга кымбаттаганын айткан. Үсөнбекова бул кыргыз-өзбек автозаводунун ачылышына байланыштуу эмес экенин кошумчалады.
Учурда алгачкы каттоонун баасы машинанын түрүнө, кыймылдаткычынын көлөмүнө, чыгарылган жылына жараша ар кандай. Мисалы, 2003-жылкы Honda Odyssey үчүн дээрлик 10 миң сом кетет.
Тазабек Икрамов ОСАГО мыйзамын 2025-жылга жылдырууну сунуштады