Кыргыз-өзбек соода жүгүртүүсү өткөн жылы 20,8%га өскөн

Өткөн жылы коңшу өлкөгө болгон экспорттун көлөмү дээрлик 30 пайызга жогорулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. 2022-жылдын январь-ноябрь айларына карата Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 543,1 миллион долларды түздү. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,8 пайызга көп. Ошондой эле өлкөгө келген импорттун көлөмү 331,4 миллион долларды түзүп, 15,7 пайызга жогоруласа, экспорт 211,8 миллион доллар болуп, 29,7 пайызга көп болгон.
Бул тууралуу кечээ, 24-январда, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратовдун жолугушуусунда белгилүү болду.
Министрлер Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын утурлай жолугушкан.
Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстан өзбек килемине ири кардар болгон. Тагыраагы, Кыргызстан Өзбекстандын 2022-жылдын баштапкы эки айында экспорттогон килеминин жарымынан көбүн — 2,3 миллион долларлык товарды сатып алган.
Ал эми 2021-жылы Кыргызстан коңшу өлкөдөн 790 миллион долларлык продукция импорттоп, өзбек продукциясын сатып алган өлкөлөрдүн ичинен 5-орунга чыккан.
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 26-27-январда келет