Баласы кырсыктан каза болгон көп балалуу энеге да мамсыйлык берүү сунушталды

Эл өкүлү жаңы норма көп балалуу энелерге гана тиешелүү экенин тактаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев балдары кырсыктан, оорудан көз жумуп же киши колдуу болсо да көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлык берүүнү сунуштоодо.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул жерде Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы тууралуу сөз болуп жатат.
Кыдыкбаев Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жети бала төрөп, бирок алардын бири (бир нечеси) кырсыктап каза болгон учурда Баатыр эне орденин, алтыны төрөп, бири кайтыш болгон учурда Эне даңкы медалын берүүнү демилгелегендигин тактады.
Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндөгү мыйзамдын азыркы беренесинде орден, медалдар жети балалуу жана алты балалуу энелерге берилет. Асырап алынган балдар жана Ата мекенди коргоодо же адамды сактап калууда, укук тартибин камсыз кылууда курман болгондор да эске алынат.
Ушул тапта бул сыйлыктарды алуу үчүн эненин бардык балдары тирүү болушу керек.
Баласы кылмыш кылган энеге Баатыр эне ордени берилиши керекпи? Талкуу