КМШнын түзүлүшү Советтер Союзунун расмий "ажырашуусу" катары сыпатталат. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Союздун тарашы менен эгемендүүлүк алган мамлекеттердин ортосундагы алаканы жөндөө керек болгон.
"Советтер Союзу чачыраганда КМШ түзүлгөн. Анын максатын серепчилер СССРдин расмий "ажырашуусу" катары сыпаттап келишет. Башкача айтканда, бир мамлекет чачырап, бирок андан бөлүнүп чыккан өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык, социалдык, укуктук-нормативдик ж.б. байланыштар болгон. Мындан тышкары, документтерди, валюталарды таануу, коопсуздук жаатындагы маселелерди чечүү зарыл эле. Анын ичинен эң негизги келишим эркин соода жүргүзүү боюнча түзүлгөн. Көп мамлекеттер ошол келишимдин негизинде иш алып барууда. КМШга Эстония, Латвия, Литва башынан кирген эмес. Ал эми Грузия менен Украина кийин чыгып кетти. Натыйжада ал жакта Россия, Беларусь, Кавказдагы жана Борбордук Азиядагы мамлекеттер калды. Мурда ошол эле Россия, Беларусь Европага багыт алып, Борбор Азия тарапка анча деле көңүл бурулган эмес. Украинадагы кризис башталгандан тартып КМШнын мааниси жогорулоодо", — деди Бактыгулов.
Ошондой эле ал 2023-жылы КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнүн эске салды.