Радио

Алманбетов: ЭТТК товарларды көзөмөлдөө үчүн гана керек

Салык кызматынын товарларга жана контролдук-кассалык машиналарга байкоо жүргүзүүнү ишке ашырууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азат Алманбетов ЭТТКны колдонуу кошумча отчёт жана чыгымдарга алып келбей турганын айтты.
Sputnik
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) таза жана ачык атаандаштык үчүн шарт түзүп, контрабандалык жана контрафактылык товарларды ташууга бөгөт коёт. Бул тууралуу Азат Алманбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Салык кызматы ишкерлер үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен иштөө боюнча окутууларды өткөрүүдө.
"Мамлекеттик салык кызматы "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" (ЭТТК) маалыматтык системасын былтыр ишке киргизген. Учурда ага 15 миңден ашык ишкер катталып, ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Бул соода-сатык менен алектенгендер үчүн жыл башынан тарта милдеттендирилген. ЭТТК боюнча кээ бир ишкерлер арасында түшүнбөстүктөр болуп жатат. ЭТТКны колдонуу кошумча отчёт жана чыгымдарга алып келбейт, таза жана ачык атаандаштык үчүн шарт түзүп, контрабандалык жана контрафактылык товарларды ташууга бөгөт коёт. Ишкерге кандайдыр бир жаңы жабдууларды же системаларды сатып алуунун, кошумча салык отчётторун берүүнүн зарылчылыгы жок, болгону Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинетинен" иштөө жетиштүү. Мындан тышкары, ишкерлер үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен иштөө боюнча окутуулар өткөрүлүп, маалымат жеткирилүүдө", — деди Алманбетов.
Ошондой эле адис ЭТТК системасына катталгандан соң товар жөнүндө бардык маалыматтар салык порталында реалдуу режимде чагылдырылып турарын кошумчалады.