Кыргыз драма театры февралда коюлчу спектаклдердин репертуарын жарыялады

Драма театрда спектаклдер 1-февралдан баштап 19-февралга чейин коюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры февраль айында боло турган спектаклдеринин репертуарын жарыялады.
Спектаклдердин баары 18:30да башталат:
1-февраль — Бексултан Жакиев, "Көздөн учкан Ата журт";
2-февраль — Жалил Садыков, "Төлгө";
3-февраль — Жалил Садыков, "Төлгө";
4-февраль — Султан Раев, "Оо, кыздар!";
7-февраль — Чыңгыз Айтматов, "Саманчынын жолу";
8-февраль — Токтоболот Абдумомунов, "Карагул ботом";
9-февраль — Флорид Буляков, "Бакбергендин балпайган бактысы";
10-февраль — Чыңгыз Айтматов, "Чыңгызхандын ак булуту";
11-февраль — Николай Гоголь, "Үйлөнүү";
12-февраль — Саид Ахмад, "Күйөө бала";
14-февраль — Мухтар Ауэзов, "Еңлик Кебек";
15-февраль — Бактыгүл Чотурова, "Тумар ханыша";
16-февраль — Фёдор Достоевский, "Мармеладовдор";
18-февраль — Мукамбеткалый Касенов, "Алда жаш жубайлар, ай!";
19-февраль — Мукамбеткалый Касенов, "Алда жаш жубайлар, ай!".
Радио
Театр директору Куланбаев: Кыргызстанда балдар драматургиясы аксап жатат