Бишкектеги бузулган колониянын ордуна курула турган кичи райондун эскиздери

Батирлер жарандарга мамлекеттик ипотека аркылуу берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын маалымат кызматы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна курулушу пландалып жаткан кичи райондогу үйлөрдүн эскиздерин көрсөттү.
Бишкектин батыш тарабында жайгашып, 8,5 гектар аянтты ээлеген түзөтүү колониясынын имараты 2022-жылы бузулган.
Буга чейин президенттин администрациясы бул жерге 10 миң батирлүү кичи район түшөрүн маалымдаган. Батирлер мамлекеттик ипотека аркылуу берилмекчи.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстандын бардык аймагына бюджеттин эсебинен мамлекеттик ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үйлөр курула тургандыгын кабарлаган. Колониянын имараты эскирип, стандартка жооп бербегендиктен аны бузуу чечими кабыл алынган болчу. Беш жылдын ичинде бардык түзөтүү мекемелерин борбордон башка жакка көчүрүү пландалууда.
Германия Кыргызстандын 15 млн. евро карызын кечип, бир шарт койду