Азыркы жаштар эмне үчүн жанын кыйнап иштегиси келбейт? Адистин жообу

Психолог мунун бир нече себеби бар экенин айтып, ар бирин түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Адистер азыркы жаштар карьера куруп, жанын кыйнап иштегиси келбегенин айтат. Анын себебин "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде социалдык психолог Светлана Молчанова түшүндүрдү.
"Учурда 20-35 жаштагылардын арасында көпчүлүгү жумуштун артынан түшүп, убактысынын көбүн ага короткусу келбейт. Айрымдары айлыгы аз болсо дагы кеңсеге байланбай, жеңип-желпи жана иш убактысы кыска жумуштарды тандашат", — деди адис.
Андан соң ал мунун себептерин түшүндүрдү:

Ааламдашуу

Буларда маалымат абдан көп, улам жаңы нерселерди көрүп, бир ишке гана байланып калгысы келбейт. Көпчүлүгү чоң айлыкка караганда өзүнүн эркиндигин, психологиялык стабилдүү абалын жогору баалайт.

"Таанышсыз иш бүтпөйт"

Амбициясы жок, маңдай терин төгүп иштегиси келбеген жаштар көбүнчө ушул ураанды карманышат. Ошондуктан жоопкерчиликтүү, келечеги кең карьеранын ордуна официант, курьер же фрилансер сыяктуу иштерди тандашат.

Анткен менен...

Учурда иш берүүчүлөрдүн дагы талабы оңой эмес. Идеяга бай, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон кызматкерди издешет. Ошол эле учурда айрым жетекчилер өз алдынчалуулукту издеген кызматкерлерге бут тосушат. Мындайды көргөн жаштар ийгиликтүү карьера тууралуу кыялын бат эле артка жылдырып коюшат.
Бул ооруга кабылган киши өмүр бою төшөк кумарынан кол жуушу мүмкүн