Азия чемпионаты: Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы 7 медаль утту

Биринчиликке Кыргызстандан 12 спортчу катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы 17-январда Таиланддын Бангкок шаарында башталган Азия чемпионатынан жети коло медаль менен кайтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 спортчу күчүн сынаган.
Коло байгенин ээлери:
Ислам Төрөбаев (54 кг);
Аскат Култаев (63,5 кг);
Ихтияр Нишонов (67 кг);
Нурадин Рустамбек уулу (71 кг);
Нурсултан Болотбаев (86 кг);
Бакыт Токтосун уулу (92 кг);
Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору).
Спортчулар чемпионатка улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында катышкан.
UFC: эки жаңы чемпион аныкталды. Кезектеги турнирдин өзгөчө ирмемдери