Кыргызстанда бензиндин арзандашы божомолдонууда

Мекеме алдыдагы бир ай ичинде бензиндин баасы 5-6 сомго чейин төмөндөй турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик комитеттен билдирди.
"2023-жылдын январынан тарта бензинге дүң баанын төмөндөө тенденциясы байкалды, бул чекене баанын деңгээлине таасир этиши керек. Кийинки айда рыноктун негизги оюнчулары бааны 5-6 сомго чейин төмөндөтөрү күтүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Мекеме бааны турукташтырууга жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын кошумчалаган.
Бишкекте бензин арзандады. Күйүүчү май, валюта баасы боюнча соңку маалымат