Эксперт: Abrams, Leopard 2 украиналыктардын ден соолугуна зыянын тийгизет

Адис уран бар снаряддарды америкалыктар кезегинде Иракта колдонгонун, анын кесепетинен жай жарандар үчүн кооптуу аймактар пайда болгондугун айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Батыштын Abrams, Leopard 2 танкаларын Киевге бериши согуштук кырдаалды гана курчутпастан, техникалардын уран бар снаряддары жөнөкөй элдин ден соолугуна жана онкологиялык ооруларды пайда кылышы менен кооптуу. Бул туурасында аскердик илимдердин доктору (Россия) Константин Сивков РИА Новостиге айтып берген.
Буга чейин Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов америкалык бийликтин танкаларды берүү чечимин "кыжырды кайнаткан чагымчылык" деп баалаган.
"Бул туурасында так, даана айтыш керек. Бул америкалык, британиялык, германиялык танкалардын согуштук комплектилеринин курамында курал-жаракты тешип өтүүчү снаряддардын өзөгүндө байытылбаган урандар бар. Россиянын аймагында мындай снаряддарды колдонуу ыплас өзөктүк куралдарды колдонуу катары кабыл алынат", — деген Сивков.
Адис мындай куралдарды америкалыктар кезегинде Иракта колдонгонун, анын кесепетинен жай жарандар үчүн кооптуу аймактар пайда болгондугун айтып берген. Мындай снаряддарды аткандан кийин сапырылган радиоактивдүү чаң акырындык менен ошол жерге кайрадан каалгып түшүп, өзүнүн уусу менен өтө кооптуулукту жаратат. Эксперт ал зыянсыздандырылбай, мунун кесепетинен жергиликтүү элдин арасында олуттуу онкологиялык оорулардын чыгышына алып келерин эскерткен.
Сивковдун пикирине караганда, бул маселени дипломатиялык каналдар аркылуу көтөрүш керек. Мындай снаряддарды алып келүү "Россиянын аймагына өзөктүк колс алуу катары" бааланарын айткан.
Шольц Leopard 2А6 танкаларын Украинага жиберүү чечимин кабыл алды