БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. 26-27-январь күндөрү ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкекте жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте иштейт. Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга келе турган мамлекеттик сапарына байланыштуу болмокчу.
Аталган сапар учурунда ИИМ коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөрү айтылды.
Учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары эсептелип, милициянын кезметтеринин кайгуул посттору менен каттамдары аныкталып жатканы маалым болду.
"Ички иштер органдары укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатат. Расмий иш-чараны өткөрүү маалында коопсуздук жана коомдук тартип, жол кыймылынын коопсуздугу толук кандуу камсыздалат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт", — деп билдиришти алар.
Айрым көчөлөрдө автокыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилери буга чейин айтылган.
"Ошол себептен жарандардан көрүлүп жаткан чараларды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз", — деп айтышты ИИМден.