БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленскийдин батыш өлкөлөрүнө кайрылып, Украина армиясын дагы күчтүүрөөк курал-жарак менен камсыздоого чакыруусу Киевдин дүрбөлөңгө түшүп жатканынан кабар берет. Бул тууралуу Asia Times басылмасы жазды.
Макаланын автору Стивен Брайендин пикиринде, Украинага берилген жардамдын көбү аскерлери улам жеңилген сайын жоготкон курал-жарактын базасын толуктоого эле кетип жатат.
"Шашылыш түрдө куралдандыруу тууралуу сөздүн өзү Украина эми чындап жеңилүүгө жакындап калганын көрсөтүп турат. Зеленский Россия жеңип чыкса өзүнүн тагдыры кандай болорун ойлоп түпөйүл болууда. Ал саясий оппоненттеринин көбүн камап, пикири менен келише албаган ЖМКлардын ишине тыюу салды. Бирок эгер украиналыктар Киевдин армиясы кыйрап жатканын түшүнө баштаса мындай жагдай Зеленскийдин өзүн да, анын кесиптештерин да коргоп кала албайт", — деп жазылат макалада.
Мындай болсо Вашингтон мурда өзү каршы болуп келген тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө аракет жасап баштайт, Брайен дал ушул "сценарий" реалдуулукка жакыныраак экенин белгилеген.