Тазабек Икрамов ОСАГО мыйзамын 2025-жылга жылдырууну сунуштады

Депутат автокөлүктөрдү камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө болушу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча мыйзамдын аткарылышын 2025-жылга жылдырууну сунуштады.
Ал учурдагы кымбатчылыктан улам эл кыйналып жатканын билдирди.
"1-апрелден тартып унаа ээлерине сөзсүз түрдө делип киргизилген полисти албаган айдочуларга үч миң сом айып пул салына баштайт. ОСАГО — көптөн бери келе жаткан маселе. Бүгүн кымбатчылык болуп жатат, эл кыйналууда. Ошондуктан 2025-жылга чейин жылдыруу керек. Депутаттар бул маселени карашы керек. Камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө болушу керек. Сөзсүз түрдө кымсыздандырыш керек деген туура эмес. Ким буга кызыкдар болсо өзүнүн унаасын камсыздандырсын. Керек болсо өзүнүн денесин да камсыздандырып алсын. Мөөнөттү узартпасак элдин нааразычылыгы көбөйөт", — деди депутат.
ОСАГО жөнүндө мыйзам жети жыл мурун кабыл алынган. Бирок документти ишке ашыруу ушул жылга чейин бир нече жолу кийинкиге калтырылып келген. Бийлик 1-апрелге чейин полисти сатып алуу керектигин жарыялады.
ОСАГО полиси боюнча суроо көппү? Видеодон жооп аласыз