Педофилдерди хирургиялык жол менен бычууну киргизүү кайрадан сунушталды

Депутат атайын дарыларды берүү, ийне саюу аркылуу жасалган химиялык кастрациянын натыйжасы жок деп эсептейт. Андыктан педофилдерди хирургиялык жол менен бычып салууну сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстанда педофилдерге хирургиялык бычууну кайрадан киргизүүнү депутат Улан Бакасов сунуштады. Ал бул тууралуу бүгүн, 24-январда, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинде билдирди.
Депутат азыркы сот системасында мындайларга жаза мөөнөтүн кыскартуу тенденциясы байкаларын айтат.
Сунуштар:
жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор психиатрдын текшерүүсүнөн өтүшү керек;
педофилияга жакындыгын, кастрация кылуунун зарылчылыгын дарыгерлер аныкташат;
мындай экспертиза соттолгон киши бошотулганга чейин алты айдан кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек.
Бакасов ошондой эле балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны катаалдатып, 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштоодо.
Профилдик комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Педофилдерди хирургиялык жол менен бычып салуу мыйзам долбоору сунушталды