Кыргызстандын ЕАЭБдеги арышы арбыган. Бажы алымдары жаатындагы сандар

Жети жыл ичинде КРдин ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттерине которгон акчасы орто эсеп менен алганда 10-12 миллиард сомго өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери 2022-жылы алгач ирет биримдиктин башка мүчө-мамлекеттерине алардан алгандан көбүрөөк ташып келүү боюнча бажы алымдарын которду. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.
Бул Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулган учурдан тартып 2022-жылдын соңуна чейинки көрсөткүч.
Натыйжада 2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБдин өлкөлөрүнө 20 миллиард 116,9 миллион сом суммасында ташып келүү бажы төлөмдөрүн которсо, өлкө бюджетине мүчө-мамлекеттерден 16 миллиард 248,2 миллион сом түшкөн.
КР тарабынан алынуучу бажы алымдарынын көлөмүнүн өсүшүнө биринчи кезекте Бажы кызматынын аталган тармакта ишти жакшыртуу жана өнөктөш өлкөлөр менен соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү таасир эткен.
Төмөндө КР которгон жана бюджетке кирген каражаттардын суммасы:
2015-жылы ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттерине 2 млрд. 962,8 млн. сом которуп, 3 млрд. 522,0 млн. сом түшкөн (октябрь – декабрь);
2016-жылы ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттерине 11 млрд. 967,9 млн. сом которуп, 13 млрд. 094,6 млн. сом түшкөн;
2017-жылы ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттерине 12 млрд. 329,1 млн. сом которуп, 15 млрд. 358,5 млн. сом түшкөн;
2018-жылы ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттерине 15 млрд. 324,9 млн. сом которуп, 16 млрд. 169,8 млн. сом түшкөн;
2019-жылы ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттерине 11 млрд. 249,9 млн. сом которуп, 17 млрд. 106,9 млн. сом түшкөн;
2020-жылы ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттерине 6 млрд. 042,5 млн. сом которуп, 16 млрд. 840,2 млн. сом түшкөн;
2021-жылы ЕАЭБдин мүчө-мамлекеттерине 13 млрд. 024,4 млн. сом которуп, 22 млрд. 077,0 млн. сом түшкөн.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуш издей турган порталдардын тизмеси