ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуш издей турган порталдардын тизмеси

Бош орундардын базасына кирүү үчүн жумуш менен камсыздоо боюнча порталдарга катталуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги электрондук системанын жардамы менен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн кантип жумуш тапса болорун айтышты.
Элчилик "Чек арасыз жумуш" системасы ушул шилтеме аркылуу 2021-жылдан бери иштеп келерин эске салды. Бул сервис ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги жумуш берүүчүлөр жана жумуш издеп жаткандарга бирдиктүү базага аянтча түзүп берет.
"Системада 500 миңден ашык бош жумуш орундар жана эки миллиондон көп резюме бар. Кызматты жумуш менен камсыздоо боюнча порталдарга катталгандан кийин колдонсо болот", — дешти элчиликтен.
Төмөндө элчилик берген шилтемелер:
Россия
Кыргызстан
Армения
Беларусь
Казакстан.