ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгизат лабораториясы табылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чүй облусунун 63 жаштагы тургунунун үйүнөн баңгизат жасаган лаборатория табылганын ИИМден кабарлашты.
Маалыматта Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүргүзгөнү айтылат.
"Тинтүү учурунда К. С. аттуу жарандын үйүнөн өзгөчө жыты бар кара куурай сымал 2,5 килограмм зат табылган. Ошондой эле баңгизатты даярдоо үчүн колдонулган керектүү далил заттар алынган", — деп жазылат маалыматта.
Кармалган жаран Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилип, учурда тергөө иштери улануууда.
Колу-бутун байлап сууга ыргытышкан. Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды