Бишкекте жана Чүйдө 26-27-январда жолдор убактылуу жабылат. Тизме

Жол кайгуул кызматы айдоочуларды унааларын жабылуучу көчөлөргө токтотпоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. 26-27-январда Бишкекте жана Чүй облусунда жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Бул күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.
Чектөөлөр киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:
"Манас" аэропортунан баштап Бишкек шаарынын кире беришине чейин;
Фучик көчөсү менен Чүй проспектине чейин;
Чүй проспектинин Фучик көчөсүнөн тартып Манас проспектине чейинки бөлүгү;
Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринин Чүй проспектинен тартып мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү;
Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин.
ЖКККББ айдоочуларды жана шаар тургундарын жогорудагы убактылуу чектөөлөрдү унутпай маршруттук каттамдарды алдын ала пландап, утурумдук ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.
Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 26-27-январда келет