25-январга карата аба ырайы

25-январга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Шаршембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1...-6, Талас жергесинде -2...+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1...+4, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...+5, ал эми Нарында -9...-14 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -1...-3 жана Ош калаасында 0...+2 градус болот.
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы