Айтылуу тиктокер Хаби Лейм менен бишкектик Sigmaнын дуэти 3 млн. жолу көрүлдү

Бишкектик тиктокер атактуу актёрдун мимикасын кайталоо жөндөмү менен атагы чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң популярдуу тиктокер Хаби Лейм кыргызстандык кесиптеши менен видео тартып, аны 3 миллиондон ашык киши көрдү.
Бишкектик Арген Sigma деген ат менен белгилүү. Ал Голливуд актёру Кристиан Бэйлдин мимикасын туурап, чыныгы TikTok жылдызына айланган.
Хаби Лейм — 154 миллион катталуучусу бар италиялык тиктокер. Видеолорунда жөнөкөй нерселерди татаалдаштырган адамдарды тамашага салат. Өткөн жылдын ортосунда дүйнөдөгү эң популярдуу тиктокер деп табылган.
АКШда мамлекеттик кызматтагыларга TikTok колдонууга тыюу салынмакчы