Бишкек кантип шаарга айланган? XIX-XX кылымдагы сүрөттөр

Мындан 145 жыл мурун азыркы Бишкек шаары Жети-Суу облусунун борборуна айланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол учурдун кызыктуу ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Пишпек 1878-жылы 29-апрелде шаар макамына ээ болгон. Ошондон тарта орус падышалыгы шаарды атайын план менен курууга киришип, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият мекемелеринин имараттары түшө баштаган. Ошондой эле ал калктуу конушка Россия, Кытай жана Өзбекстандан дыйкандар, кол өнөрчүлөр менен көпөстөр көчүп келип, жергиликтүү кыргыздар борбор калаага отурукташа баштаган. Андан сырткары, калаанын ичи менен тышында археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, Пишпек Кыргызстандын административдик, аскердик жана маданий борборуна айланган.
1 / 15

Пишпектин эски аянты. Жергиликтүү тургундардын күчү менен шаардын аймагы болушунча жашылдандырылган

2 / 15

Өзбек тектүү жергиликтүү соодагер. Пишпек, 1910-жыл

3 / 15

Эски Пишпектеги чайхана. 1911-жыл

4 / 15

Базарда сынган идиштерди калыбына келтирген дунган кол өнөрчүлөрү. Пишпек, 1916-жыл

5 / 15

Россиядан көчүп келген тургундарды дарылоо үчүн салынган оорукана. Пишпек, 1899-жыл

6 / 15

Пишпектин тегерегинде жүргүзүлгөн археология изилдөөдө табылган жыгач ваза. 1911-жыл

7 / 15

Каналды гидрометриялык аспаптар менен өлчөө жүрүп жаткан учур. 1911-жыл

8 / 15

Кыргыздардын музыкалык оркестри

9 / 15

Орус-тузем мектебинде сабак жүрүп жаткан учур. Пишпек, 1899-жыл. Түркстан фотокөргөзмөсү

10 / 15

Пишпек волостук башкармалыгынын өкүлдөрү (1-катарда сол жактан экинчи Кытайдан көчүп келген дунгандардын башчысы Валитун Юлдашев). 1896-жыл

11 / 15

Пишпектик татар көпөс

12 / 15

Илимпоз Алексей Фетисовдун жемиш бак өстүрүүчү питомниги. Пишпек, 1898-жыл

13 / 15

Судейский менен Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде (азыркы Фрунзе жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши) жайгашкан дарыкана менен амбулатория. Пишпек, 1890-жыл

14 / 15

Жолдо төө кербен менен жеңил автоунаанын жолугушуусу. 1913-жыл

15 / 15

Күрүчтү бастырып жаткан учур. Пишпек уезди, 1910-жыл

Тема боюнча:
Кылтак коюп, куш таптап, мергенчилик кылган кыргыздар. Архивдик сүрөттөр
Памир, Ванда жашаган кыргыздар. Журтташтарыбыздын архивдик сүрөттөрү
Кыргыздардын кыштоодогу турмушу. Бир кылым мурунку жашоонун сүрөттөрү