Өкмөт мамкызматкерлердин маянасы 200%га чейин көбөйгөнүн билдирди

Эмгек акыны көбөйтүүгө 32,2 миллиард сом каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Финансы министрлиги узаган жылда бюджеттик органдарда иштеген кызматкерлердин маянасы 200 пайызга (эки эсеге) чейин жогорулаганын билдирди.
Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө 32,2 миллиард сом каралган.
Эмгек акынын орточо өсүшү:
билим берүү жана илим кызматкерлери — 1,8 эсеге чейин;
медициналык кызматкерлери — 1,5;
маданият, маалымат жана спорт кызматкерлери — 2;
социалдык коргоо кызматкерлери — 2;
мамлекеттик жарандык кызматчылар — 1,8;
муниципалдык кызматчылар — 1,77;
мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылар — 1,7;
техникалык тейлөөчү персонал — 1,6;
кенже тейлөөчү персонал — 1, 5;
бош жалданган жана жарандык персонал — 1,7.
Ошондой эле аскерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үстөктү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралганы белгиленди.
Мамкызматкерлер эмне себептен премия албай калгандыгы айтылды