БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Коргоо министрлиги "Сталинград согушунда немец-фашисттик аскерлердин талкаланышынын 80 жылдыгына" арналган жөө жүрүш уюштурат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдирди.
Аталган иш-чара "Наша Победа — Биздин Жеңиш" издөө кыймылы менен биргеликте өткөрүлөт. 27-январда саат 16:00дө министрликтин түзүмдөрүндө жана бөлүктөрүндө (Токмок, Балыкчы, Григорьевка, Ош, Жалал-Абад шаарларында) өздүк курам беш чакырымдык жөө жүрүш (марш-бросок) жасашат. Катышуучулардын Бишкектеги жыйыны саат 15:30да Дайыр Асанов атындагы Аскер лицейинде жана Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда болот.
Эскерүү иш-чараларына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштун, Сталинград согушунун катышуучуларынын урпактары, 98 жана 99-аткычтар бригадаларынын жоокерлери, аскердик, спорттук клубдар, ардагерлердин уюмдары, окуучулар, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери чакырылат.
Акцияга катышуу жана кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер аркылуу байланышууга болот:
0700 06-76-96 — Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустары;
0708 65-63-76 — Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустары.