Бишкекте үч мектеп аралыктан окууга өттү. Себеби жана тизмеси

Алдын ала маалымат боюнча, онлайн-окутуу бир жумага созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте үч мектеп аралыктан окутууга өттү. Бул тууралуу калаа мэриясы маалымдады.
Кеп №87, 81, 96 мектептер туурасында болууда. Бишкек мэриясынан бул көрсөтмөнү Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бергенин айтышты. Мындай чечим электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн улам билим жайларындагы жылуулук талапка жооп бербей калып, кабыл алынган. Балдар азырынча бир жумадай онлайн окуп турушмакчы.
Айрым аймактарда мектептер онлайн окууга өтүп, бала бакчалар жабылды. Тизме