БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында аптанын башынан аягына чейин күн ачык болот. Дүйшөмбүдө түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй жана Талас облустары
23-январда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал. 24-январдан 29уна чейин жаан-чачын жаабайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
23-25-январда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Андан кийин да апта аягына чейин аба ырайы бузулбайт. Шамалдын ылдамдыгы өзгөрүлүп турат, секундасына 1-6 метрге жетет.
Ысык-Көл облусу
23-январда күн ачык болот, бирок 24-январда күндүз жана 25-январда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 25-январда күндүз жана 26-29-январда күндүн көзү бузулбайт.
Нарын облусу
Аптанын башынан аягына чейин күн ачык болот. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.