UFC: эки жаңы чемпион аныкталды. Кезектеги турнирдин өзгөчө ирмемдери

Рио-де-Жанейродо (Бразилия) UFC 283 турнири аяктап, башкы беттеште америкалык Жамал Хилл бразилиялык Гловер Тейшейраны жеңди. Кармаш жарым оор салмактын чемпиондугу үчүн болгон.
Sputnik
Ал эми ко мейн ивентте мексикалык Брэндон Морено жеңил салмакта ат салышып, бразилиялык Дэвисон Фигередого мөөнөтүнөн мурда жеңилүү ызасын тарттырды.
Турнирдеги мааниси боюнча үчүнчү делген орто салмактагылардын кармашында Гилберт Бернс биринчи раундда эле Нил Мэгнини муунтуу ыкмасы менен утуп алды.
Тема боюнча:
Валентина Шевченконун кийинки атаандашы жана мелдештин күнү аныкталды