Тыныбек манасчынын эл билбеген өнөрү, касиети. Небереси Табылды Актанов менен маек

ХIХ кылымдагы улуу манасчылардын сап башындагы Тыныбек Жапый уулунун таланты өзгөчө болгон. Анын мыктылыгы жана аян алуу касиети, манасчыга байланыштуу керемет окуялар улуу күчтүн бар экенинен кабар берип, адамды кайдыгер калтырбайт.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" рубрикасында өз заманынын залкар манасчысы Тыныбек Жапый уулу тууралуу анын небереси Кыргыз эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Табылды Актанов мейманда.
— Сиз үчүнчү муундагы өнөр адамы болуп жатасыз. Чоң атаңыз Тыныбек манасчынын тарых-таржымалынан кеп салсаңыз...
— Менден өнөр жолунда келе жатканыма канча болгонун сурап калышат. 150 жылга жакындап калганын айтсам көбү түшүнбөйт. Чоң атам Тыныбек 56 жылдык өмүрүнүн 40 жылын өнөр менен өткөргөн экен. Атам да өмүрүн өнөргө арнады, өзүмдүн 50 жылымды кошкондо 150 жыл болуп жатпайбы. Мындай улуу адамдардын өмүрү эл-журт үчүн деле ары табышмак, ары кызык. Тыныбек 1846-жылы туулуп, 1902-жылы каза болуптур. 13 жашынан Манастан аян алып, 15 жашынан баштап айтканда деле кыска эле өмүр. Ал киши бизге жеткен залкарлардын ичинен легендарлуу манасчы деп аталат экен. Анын өмүрү эл оозунда калган. Мисалы, улуу манасчылар Келдибек, Акылбек, Балык, анын баласы Найманбайдын аттары калып, өзү жок болуп жатат. Алардан Тыныбектин жашы кичүү болгону менен бири-бирин көргөн замандаштар. Чоң атамдын 15ке жакын шакирти болгон. Эң биринчиси - жанында жылдап жүрүп манасын үйрөнгөн Сагынбай. Андан кийин Деңизбай, Жакып, Чоюке, Кызыл-Суудагы кытайлык кыргыздардан Эшмат, Жусубакун (Жусуп Мамайдын атасы — Т. Актанов.) өңдүү улуу манасчылардын көздөй устаты. Ал эми Чоюкенин шакирти Саякбай болуп жатат. Ушунун баары Тыныбектин мектеби. Ошондуктан окумуштуулар Жусуп Мамайдын жазганы, Саякбайдын айтканынын 50-60 пайызы Тыныбектин "Манасы" экенин боолголошкон. Атам Актан Тыныбектин өмүр баянын, ата-тегин, тайларын, аян алганынын баарын так, даана жазып кеткен. Ошол себептен күнү бүгүнкүдөй так маалыматтар сакталып жүрөт. Тыныбек өлгөндө Сагынбай топурак сала албай калат. Кийин келип, аттан түшпөй туруп мааниси романга тете кошогун 20 куплетке батырып кошкон. Буга ишенүүгө болот. Себеби жанагындай сөз байлыгы бар манасчы 20 куплетке батырып койбой эмне болуптур. Жусубакундун, Эшматтын да айтып кеткени бар.
— Белек Солтоноевдин да жазгандары бар эле...
— 1898-жылы жазында Балыкчыда түндүк кыргыздардын бир жылда бир өтүүчү жыйыны болот. Азыркыча - курултай. Шабдан төрагалык кылган жыйын өткөнү жатса эл ага барбай Тыныбектин манасын угуп отуруп алат. Ошону жазган тарыхчы Белек Солтоноев Тыныбекти видеого тарткандай үнүнүн тембринен бери укмуш сүрөттөгөн. Тыныбек зор денелүү, ак жүздүү, толугураак келген, эки бети тарам-тарам кызыл, көздөрү ботонукундай чоң, кара каштуу сулуу киши болгон экен. Ал бий болуп өткөн (жакында тарыхчы Кыяс Молдокасымов канчанчы жылы бий болуп шайланганынан берки маалыматты Алматыдагы архивден таап келди — Т.Актанов). Анан эле Шабдан баатыр келип "эми, Тыныке, чогулушту баштайлы" деп чакырып, эл да жайгашат. Бийлер азыркыча айтканда президиумда отурчу экен.
Өз заманынын залкар манасчысы Тыныбек Жапый уулу тууралуу анын небереси Кыргыз эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Табылды Актанов
— Тыныбек манасчынын атасы да манас айтканбы?
— Тыныбек жалгыз бала. Атасы Жапый өз заманынын баатыры болгон. Кадимки сарыбагыштардын баатыры, Ормондун иниси Төрөгелди экөө кан дос экен. Жапый атабыз 50 жашка чейин такыр бала көрбөптүр. Сыйынбаган мазары, барбаган молдо-кожосу деле калбаптыр. Болушкан энебиз да күйөөсү менен кошо уруулар арасындагы чабыштарга чачын түйүп, эркекче кийинип "Жапый, Бопуй" деп ураан чакырып түшчү экен. Эл экөөнү ага-ини окшойт деп ойлойт. Тыныбектин Корголдой деген иниси (Жапыйдын бир тууганы) болуптур. Муну атама ошол киши айтып берген. Корголдойдун кызы — кадимки Куйручуктун апасы. Куйручук атабыз мага бир тууган жээн болот. Ал кишинин да күпүлдөтүп манас айта койгон убагы болуптур. Демек, куйма кулак Куйручук таякесинен илип калган да. Китебинде да "Манасым турганда кайсы жерге болсо да коном" деп жатпайбы.
— Чоң атаңыз кандайча аян алган?
— Тыныбек кичине кезинде балдар менен көп деле ойнобоптур. Тырмактайынан эле аңчылыкка кызыккан улуу манасчы тузак тартып, капкан салып чоңоёт. Көлдө Тилекмат акенин баласы Чыныбай баатыр эл бийлеп турган кез. Жапый анда Тоңдун Кажы-Сайында жашайт. Анан Тынымсейит менен Алымсейит бир тууган да. Ортодо уруу аралык майда-барат чыр токтобойт. Бирөөнүн малын бирөө чаап, токолун тартып алып, жайыт талаша беришет. Анан Жапый Чыныбайга "баатыр, бизге жерибизди тактап бөлүп бербейсиңерби. Болбосо, эки бир тууган качанкыга чейин эле чабышып, кун доолашып жүрө беребиз" деп кат жазып, 13 жаштагы Тыныбекке эки жигитин кошуп Караколдогу Чыныбайга жиберет. Кайра келе жатканда эки жигит "Тыныбек, сен бастыра бер, биз туугандарга учураша кетели" деп Бир-Булактын тушунан айылга кирип кетишет. Тыныбек да күнгө талыкшып келе жатып, кунанын тушап көл жээгине коё берип уктап калат. Бир кезде түш десе түш эмес, өң десе өң эмес абалда көл кадимкидей экиге бөлүнүп ортосу ачылат да, көлдүн ортосунан кокту пайда болот. Манас атабыз көп кол менен ошол кокту аркылуу чыгып келген экен. Бакай баланы тааныштырган соң Манас ата "тос калпагыңды" деп колуна буудайга окшош таттуу дан салып берет. Аны жеп, анысы түгөнгүчөктү баланын эси да чыгат. Бул түш дейин десе түш эмес, өң дейин десе өң эмес абалда болуптур. Баары башкача сезимде өтөт. Ошентип Бакай Алмамбет, Чубак, баары менен тааныштырып, "Чоң казатка аттанып баратабыз. Улуу өнөрдү айтып жүр. Эртең жатакчылардын айылына туш болосуңар, ошондо ырда дегенде Манастан башта" деп аян алат. Макул дебей же жок да дебей бала ыйлап эле тура берет. Манас баштаган колдун арты кыпкызыл чаң болуп көлдү көздөй кетишкенде Тыныбек атабыз кыйналгандан чочуп ойгонуп тура калып караса кунаны деле жанында турат. Анан көл тарапты көздөй басса, казандай-казандай аттын жаңы издерин көрөт. Бир тобун көлдүн толкуну чайпап жибериптир. Ишенбейин десе көрүп турат, ишенейин десе жомок сыяктуу. Ошентип кунанына шак минип, чаап келе жатып, айткандай эле кечкурун жатакчылардын айылына жолугат. Алар жоро куруп, бозо ичип отуруп кызыганда "аа, Жапый баатырдын баласы болсоң ырда. Жөн эле бекер тамак ичип отура бересиңби?" деп тамашалашат. Ошол убакта жакшы көрүп жүргөн кызыбы, айтор, Тыныбектин Тоёно деген кызга арналган жалгыз ыры бар экен. Жатакчылар да аны кайра-кайра ырдата беришет. Акырында боз үйдүн сыртынан "манас айт, "Манас" де. Айкөлдөн башта" деген үндөр Тыныбекке гана угулуп, эшикте бороон-чапкын болгондой туюлат. Жаш бала алгач ирет ошондон таң атканча буркан-шаркан түшүп манас айтат. Баягы дуулдап отурган элдин баары аңырайып оозун ачып калат. Эртеси ошол жерде отурган карыялардын бири "бул жөн бала болбой калды" деп жылуулап жаап жаткырып, түшкө чейин уктатышат. Ойгонгондо баарылап атына мингизип, айылына узатып жиберишет. Келип дароо манас айтпайт. Тоо-таш аралап, жашырынып үңкүрдө айтып баштайт. Бир ирет мергенчилер тоодогу үңкүрдө манас айтып жаткан Тыныбекти көрүп калып, ал сөз айылдагыларга желдей тарайт. Атасына да келип айтышат. Ошондон кийин "Жапыйдын баласы Манасты укмуш айтат экен" деген сөз элге жайылып кетет. Бир күнү Жапый үйдө киши жокто Тыныбекке "балам, манас айтып жүрүптүрсүң, бир угайын, айта алсаң улант, болбосо майып болуп каласың" деп бээ союп, эл чакыртат. Жапый уулу жакшы айтып, эл көөнүнө толсо бата алууну ойлойт. Ал убакта бул эпосту айтууга чоң ырым кармашкан. Кокус бузуп алса зыяны да тийип калган учур кездешкен.
Ошентип элдин купулуна толгон Тыныбекти атасы чоң манасчы Чоңбашка шакирт кылып кошуп берип, бала анын жанында үч жыл жүрөт. Чоңбаштын өз аты Нармантай болгон. Ал киши да өз доорунун чоң манасчысы аталган. Тыныбек кийин "Манасты бир жума айтпай калсам сагынып кетем" деп үйүнө отуруп алып бала-бакырасына деле айта берчү экен.
Өз заманынын залкар манасчысы Тыныбек Жапый уулу тууралуу анын небереси Кыргыз эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Табылды Актанов
— Улуу манасчынын кандай керемети болгон экен?
— Апам кайнатасын көрбөптүр, бирок атамдан укканын айтып калчу. Кечинде эл жаткандан кийин кадимкидей кайберендер боз үйдү курчап, кепшеп, бут жакка келип жаткандай сезилет. Анан үйдөгүлөр корксо, чоң атам "коркпогула, коркпогула, бул да жакшылыктын белгиси" деп жооткотот.
Керемети көп. Бул биздин айылда мен бала кезде атамды көргөн сонун карыялар болор эле. Айылдагы Он-Арча суусунун боюнда Сары-Булак деген жерибиз бар. Тыныбектин жылкылары ошол жерде кыштачу экен. Жылкычылар келип, мал ылаңдап эки-үчөө өлүп кеткенин айтат. Анан "бара бергиле, бычакка жарамдуусун союп даярдап тургула. Мен артыңардан барам" дейт. Эт кайнап калганда барып, жылкычылар чөп менен дарылоо ырымын айтат го деп күтүп жатышса, чепкенин чечип отуруп, бери жагы үч сааттай манас айтат. Анан "этиңер эзилип калды, эми чыгаргыла" дейт. Ошентип, этти жеп алып малды жакшы кароосун тапшырып, кайра кетип калат. Беркилер "кудай урбадыбы, ак же көк дебей" деп айран калышат. Ошондон кийин бир да мал өлбөй кыштан аман-эсен чыгып кетишкенин жылкычылар элге айтышкан. Тыныбектин топурактан салынган күмбөзү күнү бүгүнкүдөй турат. Андан кийинкилер урап калды. Ушуну изилдеген окумуштуу жок. Сагынбайдын жашаган жерин, башка манасчылардын күмбөзү, баскан-турганы иликтенбейт. Баары эле жылуу кабинетте ар кимден укканын "ал минткен, тиги тигинткен" деп жазып коюп, академик, профессор аталышты. Совет убагында малдын баары кара жама болуп ооруп, колхоз Тыныбектин күмбөзүнүн жанына кашар салып багып, үч айдан кийин мал толук айыгып кеткен да жайы бар.
— Кандайча каза тапкан?
— Өлөрүндө катуу ооруп калат. Көк-Торпок жайлоосунда жайлачу экен. Сооронбай, Дегенбай, Турдумамбет деген абаларыбыз болгон. Ооруп жатканда Тянь-Шандын Байдулу жайлоосунун Туюк деген төрүнө келип түшүп, Төрөгелдинин уулу Шамырканга, иниси Байзакка, Тоңдогу туугандарына кабар айттырат. Тыныбек эсине бир келип, бир келе албай жатты дейт. Анан Долонду ашып Шамыркан бат эле келип, жанына отуруп "эми, Тыныке, жакшы болуп кетесиң, кудайым бар. Кудай байлыкты да, баланы да, атакты, талантты да берди" деп айтканда Тыныбек эки арманын айткан. Биринчиси — Айкөлдүн аягына чыгалбай кетип баратканы. "Кудай дагы он жыл өмүр берсе чыгар белем" дейт. Экинчиси, "мына бул улуу балам Сооронбайга бийлигимди бердим, экинчи балам Дегенбайга байлыгымды бердим, үчүнчү уулум Актан өнөрүмдү алып калат окшойт. Эң кичүүм Турдумамбетке эч нерсемди калтыра албадым (ал ошондо 7-8 жаштагы бала экен)" деп арман кылыптыр. Чынында эле ушул күнгө чейин Сооронбайдын балдары бийликте, Дегенбайдын балдары бай. Ал эми Актандан мен (Табылды Актанов - ред.) болуп жатпайымбы. Анан акыркы демин алып жатканда Тыныбек эл оозунда калгандай, манас айтып жатып үзүлүптүр:
"Тагдырга жакын болгон бейм, танып барам акылдан.
Кыргызга нускам калса экен, айкөл Манас баатырдан.
Арбактуу элди таштабай, айта жүр, журтум, артымдан", — деп мурдунан каны токтобой жатса да күпүлдөп кетиптир. Россиядан чыккан журналга "Легендарлуу манасчы" деген макала чыгып, ушул окуя жазылган. Анткени ал каза болгондо Ай тутулуп кетиптир. Апам да айтып жүрчү, 10-15 мүнөт эл чурулдап жибергенин. Анан үзүлөрдө капчыгайды жаңыртып ат кишенеди дейт. Тыныбек манасчы ошондо "жарыктык Аккула кишенеп жатат" деп айтыптыр.
Бул эми кыскача айтканым. Мындан беш-алты жыл мурун Тыныбектин турмушу эмес, манасчылык дүйнөсү тууралуу чыгарма жаздым. Ал быйыл да үчүнчү жолу басылды. Бекер эле тараттым. Улуу адамдардын өмүр жолу менен элдин тарыхы айтыла берет тура.
Тыныбек Жапый уулу жөнүндө фактылар. 21инде белгилүү манасчы, 30унда бий болгон