Адам өмүрүн алган түндөгү автокырсык: рулда 18 жаштагы кыз болгон

Каза болгон жүргүнчү кыздын ким экени такталып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте түндө болгон автокырсыктан эки киши көз жумду, экөө ооруканада. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Адам өмүрүн алган окуя кечээ болжол менен саат 23:20да болгон. Милициянын маалыматына караганда, Түштүк магистралда өтө ылдам келе жаткан Kia Sorento жарнама илинген щиттин түркүгүн сүзгөн.

"Ичинде үч кыз, бир жигит болгон. 20-25 жаштагы кыз (ким экени такталууда) жана 23 жаштагы эркек бала көз жумган. Айдап бара жаткан 18 жаштагы кыз жана дагы бир жүргүнчү кыз ооруканада", — деди Айтикул уулу.

Автоунаанын чачырап кеткен эки бөлүгү тең милициянын айып короосуна жүктөлүп жеткирилген.
Жол милициясы автоунаа айдагандарды жолдо жүргөндө бардык эрежелерди сактап, этият болууну эскертти.
Токмокто үч автоунаа кагышып, бир адам каза болду. Видео