Өлкөдөгү 4 өнүктүрүү фонду 2023-жылга карата пландарын айтып беришти

Жыйынтыгында өкмөт башчы бир катар тапшырмаларды берген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы төрт өнүктүрүү фонду бул жылга карата пландары менен бөлүштү. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, төмөнкүдөй иштер жасалат:
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду жалпы суммасы 480 миллион долларлык 3 281 долбоорду каржылаган. Аймактардагы долбоорлорду колдоо артыкчылыктуу багыт болуп саналат;
Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду 10 жылдык мөөнөт менен 5 миллион долларга чейинки долбоорлорду каржылоого даяр. Фонд сегиз долбоорду ишке ашырып жатат, анын ичинде чакан ГЭСтерди куруу жана Европага бал экспортоону жандантуу бар;
Туризмди өнүктүрүү фонду жакынкы жылдары Чүй облусунда күнү-түнү иштеген эс алуучу жай курууну, Ысык-Көлдүн түштүк жээгине улуттук спорт комплексин, туристтик жайларга бараткан жолдорго дем алуу зонасын (rest-points) ачууну пландап жатат.
Ал эми өкмөт башчы Акылбек Жапаров төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:
бардык өнүктүрүү фондуларынын өкүлдөрү квартал сайын региондорду кыдырып чыгышы керек;
Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонунун ишмердүүлүгүн Ош облусуна көчүрүү;
Улуттук инвестиция агенттиги өлкөнүн инвестициялык картасын даярдашы зарыл;
Комплекстүү өнүктүрүү пилоттук долбоорун ишке ашыруу үчүн үч районду тандап алуу. Анда башкы пландан тарта жолдорду куруу, социалдык объектилерге чейин даярдоо;
Облус жана айылдарда жер ресурстарына инвентаризация жүргүзүү.
Өлкөнүн бардык аймагында Мамрезерв фондунун кампалары курулат