Радио

Манасчы "бордоку" деген көөнө сөздү чечмелеп берди

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Семиз малды бордоку деп койсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздү сүйлөмдүн маанисине жараша колдонууга болот.
"Күнүмдүк турмушта "бордоку" деген сөз кездешет. Ал көбүнчө айыл жергесинде колдонулганы менен маанисин түшүнбөгөндөр четтен чыгат. Манаста "элүү бордоку өгүз бар" деп, бордоп багуу деген мааниде колдонулат. Ошол эле учурда бул сөздү семиз мал деген маанини түшүндүрүү үчүн колдонгон учурлар кездешет", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөр тилди байыта турганын кошумчалады.