Суук кайтабы? Келерки жумага карата Ош облусундагы аба ырайы

Кийинки жекшембиде 9 градуска чейин жылыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Ош облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, аптанын башынан аягына чейин күн ачык болуп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Синоптиктер абанын температурасы нөлдөн жогору көтөрүлөрүн маалымдады. Ал эми кийинки жекшембиде 9 градуска чейин жылыйт.
Энергетика министрлиги: график менен өчүрүүлөр акырындап токтошу мүмкүн