Филиппинде суу ташкындап 35 киши каза тапты

Эвакуациялык жайларда учурда 121 996га жакын кишинин баш калкалап турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Филиппинде жаратылыш кырсыгынын кесепетинен, тагыраагы, суу ташкынынан улам 35 киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Жети киши дайынсыз болуп, 1 780 үйдү суу каптап, анын жарым миңге жакыны жарактан чыккан. 68 шаарында электр кубаты өчүп, жыйырмага чукулу суусуз калган.
Эвакуациялык жайларда учурда 121 996га жакын кишинин баш калкалап турганы айтылды.
65 көпүрө, 306 жол жарактан чыгып, 35 порттун иши токтогон. 622 аймакта окуу токтотулган.
Пакистан: селден 1000дей адам өлүп, бийлик эл аралык коомчулуктан жардам сурады