БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Түндө Бишкектин түштүк тарабында үрөй учурган жол кырсыгы болуп, Kia Sorento автоунаасы экиге бөлүнүп калган. Окуя Жукеев–Пудовкин менен Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Социалдык тармактарда андан эки адам каза тапканын жазышууда. Дагы экөөнү оор абалда ооруканага жеткиришкен дешти. Кайгуул милициясы адам өлүмү боюнча маалыматты азырынча тастыктай элек.
Кадрдан талкаланган автоунаада отурган кызды, кыязы, агасына телефон чалууга аракет кылып жатканын байкоого болот. Муну кырсыктаган автокөлүктүн жанына келген эркек кишинин рулда отурган кыз менен сүйлөшүүгө аракет кылганы тартылып калган видеодон көрүүгө болот.