Кудай сактады! Суу астындагы балыкчы кайык менен кагылыша жаздаган видео

Суу астынан чыккан кишиден көп болсо бир-эки сантиметр аралыкта бир топ эле ылдамдык менен келе жаткан кайык сүзүп өткөн.
Sputnik
Видеодогу балыкчы Гавайи аралында суу астында балык уулап жүргөн. Ал балык уулоонун кызыгына баттыбы, айтор, жакындап келе жаткан кайыкты байкабай калган.
Балыкчы суу үстүнө чыгар замат тушунда келе жаткан кайык менен кагылышып кала жаздады. Кайык анын жанынан бир-эки сантиметр эле арыраак сүзүп өткөн.
Аман калган киши бул окуяга таң калып, тирүү калганына абдан кубанганын көрүүгө болот. Кайык болгону анын суу алдында сүзүүгө ылайыкталган бут кийимин гана айрып кеткен.