23-январга карата аба ырайы

23-январга караган түнү өлкө аймагында күн ачык болот. Таңга маал Чүй менен Бишкекке туман түшүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Эртең, шаршембиде, Кыргызстандын аймагында жаан чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -2...-7, Талас жергесинде -4...-9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -2...+3, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...+5, ал эми Нарында -11...-13 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте -4...-6 жана Ош калаасында +1...+3 градусту көрсөтөт.
Энергетика министрлиги: график менен өчүрүүлөр акырындап токтошу мүмкүн