"Манас" аэропорту: Бишкек — Казань авиакаттамы көбөйтүлөт

Рейстерди "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы аткарат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту 2023-жылдын 20-январынан тарта Казань — Бишкек — Казань багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылганын маалымдады.
Татарстандын борборуна аптасына бир жолу, жума күнү учууга болору айтылган.
Авиакаттамдарды "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы аткарат.
"Бул багыт "Уральские авиалинии" россиялык авиакомпаниясы үчүн жаңы болуп саналат. Учурда Бишкектен Казань шаарына Avia Trafic Company жана "Северный ветер" авиакомпаниялары жумасына үч жолу каттап келишет", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров жыл жаңыргандан бери биринчи жолу элге чыкты. Сүрөт