Өлкөнүн бардык аймагында Мамрезерв фондунун кампалары курулат

Өзгөчө кырдаалдар министри учурда үч кампанын курулушу даярдалып жаткандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бардык аймактарда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын курууну тапшырды. Бул боюнча Жапаров кезектеги жыйында айтканын өкмөттөн маалымдады.
Билдирмеге ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевден кампалардын курулушу боюнча тапшырманын аткарылышын сурады. Министр учурда үч кампаны курууга даярдыктар жүрүп жатканын билдирген.
"Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин кампалардын курулушу башталышы керек. Бул процессти тездетүү зарыл, анткени бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга тийиштүү маселе", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал курулуш иштери үчүн керектүү каражат бөлүнөрүн кошумчалады.
Сокулукка жаңы мал базар салынат. Долбоорду Акылбек Жапаров көрдү