Былтыр энергетика тармагына 10,5 млрд. сом кредит алынган

Финансы министрлиги энергетика тармагына жумшалган каражат тууралуу маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Узаган 2022-жылда Энергетика министрлигине 9 миллиард 530,4 миллион сом берилди. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анын ичинен:
1 миллиард 705,6 миллион сому бюджеттен бөлүнгөн;
атайын эсептин каражаттары — 24,4 миллион сом;
мамлекеттик инвестиция — 7,8 миллиард сом.
Жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясынын чыгымдарын жабууга жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 831,2 миллион сом каралган.
Мындан сырткары, былтыр энергетика тармагына 10 миллиард 567,5 миллион сом кредит алынган.
Икрамов: Ширшов менен иштеген Ибраев министр болору менен жарык кайра өчүүдө