Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке компаниялардын саны кыскарды

Бийликтин өкүлү мындай ишканаларды толук жоюу боюнча иштер аткарылып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны олуттуу кыскарды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Аталган ишканалардын саны 28ден 12ге чейин азайган.
Султанбаев азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жоюу үчүн оптимизациялоо иштери уланып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, бүгүн президент Жапаров 1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи 77 тыйындан 1 сомго жогорулай турганын билдирген.
Президент жарыктын байма-бай өчүрүлүшүнүн себебин ачыктады