Кызамыктын белгилери, кооптуулугу, алдын алуу. Адистер эмделүүгө чакырды

Кыргызстандагы эмдөө графигине ылайык, ата-энелер балдарын кызамыкка каршы 12 айында жана 6 жашында эмдетүүгө тийиш.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору кызамык оорусунун коркунучу тууралуу айтып, илдетти эмдөө жолу менен гана алдын алса болорун эскертти.
Борбордон билдиришкендей, кызамык – аба аркылуу тез жугуучу вирустук оору. Инфекцияны аталган илдет менен ооруп жаткан адам таратат. Кызамыкка каршы эмдөө албаган адамдар ооруп жаткан бейтаптын жанында өтө кыска убакытта болсо да жуктуруп алышы мүмкүн.
"Кызамык менен ооруп жаткан адамдын дене табы 40 градуска чыгып мурду бүтөт, кургак жөтөл менен бат-баттан жөтөлөт. Оору башталгандан төртүнчү-бешинчи күнүндө денеге кызыл тактар чыга баштайт. Алгач адамдын кулагынын артына, бетине, мойнуна, андан кийин көкүрөгүнө жана тулку боюна чыгып кийин колу, буттарына жайылат. Айтор, адамдын денесин толук каптайт", — деп айтылат маалыматта.
Анда аталган ооруга кабылган адамдын иммунитети начар болсо ооруну оор өткөрөрү белгиленген. Кулак, мурун көңдөйчөлөрү, өпкө, мээ кабыкчалары сезгенет, айрым учурда мээ кайра калыбына келбей тургандай сезгенүүлөргө учурайт.
"Андан башка эпилепсиялык талмага, көздүн чел кабыгынын бузулушуна жана сокур болуп калууга, угуунун начарлашына алып келиши мүмкүн. Кызамык менен ооругандар арасында каза болуп калгандар да бар", — дешет адистер.
Борбордон кызамыктан сактануунун эң ишенимдүү жолу эмдөө экендигин кошумчалашты. Кыргызстандагы эмдөө графигине ылайык, ата-энелер балдарын кызамыкка каршы 12 айында жана 6 жашында эмдетүүгө тийиш.
ДССУ: дүйнөдө 40 миллиондой бала кызамыкка каршы эмделбей калган