Айгүл Жапарова Тегеранда кыргыз эли үчүн аялдын идеалы тууралуу айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда аялдар өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Тегеранда өткөн илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык Конгрессинде билдирди. Анын жыйналышта айткан сөздөрүн президенттин маалымат кызматы жарыялады.
1 / 5

Кыргызстанда аялдар өлкөнүн экономикалык турмушунун активдүү катышуучулары

2 / 5

Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Тегеранда өткөн илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык Конгрессинде билдирди

3 / 5

Канайым аялдардын активдүү катышуусу болбосо, көп улуттуу элдин руханий дөөлөттөрүнүн кайра жаралуусун жана көбөйүшүн, коомдун адептүүлүгүнүн чыңдалышын жана улуттук мүнөздүн мыкты белгилеринин сакталышын элестетүү мүмкүн эмес экенин белгиледи

4 / 5

Жапарова сөзүнүн соңунда аялдар өз дараметин ишке ашыруусу үчүн колдон келген жардамдын баарын биргеликте жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи

5 / 5

Ал аталган Конгресс аялдардын лидерлигин жана анын ар түрдүүлүгүн өнүктүрүүгө маанилүү салым кошоруна жана катышып жаткан өлкөлөрдүн улуу аялдарынын тажрыйбасын колдонуп, жалпы ийгиликтердин пайдубалын түзөрүнө ишеним артты.

Канайым аялдардын активдүү катышуусу болбосо, көп улуттуу элдин руханий дөөлөттөрүнүн кайра жаралуусун жана көбөйүшүн, коомдун адептүүлүгүнүн чыңдалышын жана улуттук мүнөздүн мыкты белгилеринин сакталышын элестетүү мүмкүн эмес экенин белгиледи.
Биринчи айымдын кайрылуусунун урунттуу учурлары:
Кыргызстан аялдары ар убакта өз мамлекетинин өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө эбегейсиз салым кошуп келген. Кыргыз элинин улуу маданий жана тарыхый мурасы — “Манас” эпосунда үй-бүлө очогун сактоочу аялдын идеалдуу образы өтө көркөм сүрөттөлгөн. Элибиз аялдын идеалын анын сулуулугунан гана эмес, баарынан мурда анын табигый акыл-эсинен, кайраттуулугунан, чечкиндүүлүгүнөн көргөн. "Манас" эпосунда Чыйырды, Сайкал, Арууке, Айчүрөк жана башка аялдардын эстен кеткис ажайып образдары чагылдырылган;
аялдардын ролун жогорулатуу жана гендердик өнүгүү маселелери эң маанилүү өкмөттүк документтерге, анын ичинде 2022-жылдын октябрында бекитилген 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясында камтылган;
Кыргызстанда гендердик мыйзамдарды калыптандырууну, гендердик статистиканы өнүктүрүүнү жана аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын чаралар саясатын калыптандырууну камтыган институционалдык механизм түзүлгөн;
билим берүү тармагындагы социалдык багыттагы бизнестин жана долбоорлордун басымдуу бөлүгүн аялдар ишке ашырат;
өлкөдө аялдардын саны 3,3 миллиондон ашуун, башкача айтканда, жалпы калктын 50,4 пайызын түзөт. Экономикалык иштин түрлөрү боюнча аялдардын иш менен камсыз болушу 38,4 пайызды түзөт;
Биринчи айым “Эне — балага тирек” коомдук фондун жетектей турганын эскертип, биринчи кезекте балдарга жана энелерге жардам берүү, алардын жашоо сапатын жакшыртуу, потенциалын коргоо жана өнүктүрүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. Фонд билим берүү, саламаттык сактоо, экономикалык бакубаттуулук, экология, маданият жана адам укуктарын коргоо сыяктуу көптөгөн тармактарда долбоорлор аркылуу өз ишмердүүлүгүн ишке ашырат.
Жапарова сөзүнүн соңунда аялдар өз дараметин ишке ашыруусу үчүн колдон келген жардамдын баарын биргеликте жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аталган Конгресс аялдардын лидерлигин жана анын ар түрдүүлүгүн өнүктүрүүгө маанилүү салым кошоруна жана катышып жаткан өлкөлөрдүн улуу аялдарынын тажрыйбасын колдонуп, жалпы ийгиликтердин пайдубалын түзөрүнө ишеним артты.
Айгүл Жапарова Тегеранда Ирандын канайымы менен жолукту. Сүрөт