БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШ өкмөтүнүн өз милдеттери боюнча төлөмдөрүн жаба албай калышы ири каржылык кризисти шартташы мүмкүн. Мындай пикирди АКШнын финансы министри Жанет Йеллен айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Облигация ээлери болобу, социалдык камсыздандыруу боюнча каражаттарды алгандар болобу же биздин аскерлерби, айтор, пландалган төлөмдөрдү төлөөгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу АКШнын экономикасын рецессияга кептеп, глобалдуу финансылык каатчылык жаралышы мүмкүн", — деп билдирген Йеллен.
Министр бул окуялардын кесепетин ар бир америкалык сезерин белгилеп, көпчүлүгү жумушсуз каларына токтолгон.
"Эгерде андай болсо карыз көбөйөт, карызга кеткен чыгымы көбөйгөндүгүн ар бир америкалык байкайт. АКШнын карыз милдеттери боюнча рейтинги түшөт. Бул кандайдыр бир деңгээлде бүтүндөй дүйнөдө резервдик валюта катары колдонулуп жаткан доллардын ролун да төмөндөтөт", — деп билдирген министр.
Йеллен бейшембиде мамлекеттик карыздын чекке жеткендигине байланыштуу Конгресске "өзгөчө чара" колдонуларын айтып, мыйзам чыгаруучуларды дефолттун алдын алуу үчүн карыздын лимитин көбөйтүүгө чакырган.
"Өзгөчө чараларга" эмнелер кирет? Финансы министрлиги 19-январдан баштап 5-июнга чейин эки социалдык фондго казыналык милдеттемелерди чегерүүнү токтотот. Бул — пенсия жана жумушка жарамсыз адамдарга жарандык кызмат фонду жана почта кызматкерлеринин пенсионерлерине медициналык жеңилдиктер фонду.
Бирок Йеллен милдеттүү акча которууларды убактылуу токтото туруу бул фонддордун бенефициарларына тиешелүү эмес экендигин, төлөнбөй калган каражаттар Конгресс мамлекеттик карыздын чегин азыркы 31,381 триллион доллардан көбөйтүүгө уруксат бергенде төлөп берерин кошумчалаган. Буга чейин ал министрликтеги резерв жайдын башына чейин гана жетерин, андан кийин дефолт болушу мүмкүн экендигин эскерткен.
АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы бейшемби күнү Конгресс менен мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү шарттарын талкуулоодон баш тартып, тез аранын ичинде анын деңгээлин көтөрүү чечимин кабыл алууга чакырган.