Тыйып, милдеттендирип, айып салып... Өкмөт башчынын ыш менен күрөшүү идеялары

Жапаров газификация жана шаар транспортунда жүрүү тартиби боюнча тапшырма берди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекти ыштан арылтуу боюнча бир катар чараларды сунуштады.
Жергиликтүү бийликтин катышуусунда өтүп жаткан республикалык кеңешмеде ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыровго тапшырма берилгенин "Кабар" агенттиги кабарлады.
Жапаровдун сунуштарынын орчундуусу:
алдыдагы эки жылда жаңы конуш жашоочуларын газ менен жылытууга өтүүгө милдеттендирүү, процесс ушул жылдын жаз айларында башталышы керек. Болбосо айып салынат же башка чаралар колдонулат;
жүк ташуучу автоунааларга Бишкекке күндүз кирүүгө тыюу салуу каралууда, ордо калаанын башчысына шаарды айланып өтчү транзиттик маршруттарды иштеп чыгуу тапшырылды;
Бишкекке кире бериш жерде катализатору жок унаалар үчүн "автокапкан" орнотулмакчы. Алардын кандайча иштээри азырынча белгисиз;
Бишкекке региондон келип иштегендерге машинасын шаарга кирген жерге таштап, автобус менен жетүү сунушталды.
Акылбек Жапаров: таза суунун тарифин көтөрүү керек